Бекешев: банктар ыплас жол менен 10 млрд. сом тапты, пайдасын экономикага салсын

Статкомдун маалыматы боюнча, январь-июнь айларында өлкөдөгү банктардын кирешеси былтыркыдан эки эсе өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы коммерциялык банктар алты айдын ичинде валюталык махинацияларды пайдаланып, 10 миллиард сомдон ашык пайда көрүштү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
"Иштеп тапканы жакшы, бирок алар ыплас жолдор аркылуу пайда көрүп атышат. Алар чет элдик валютаны Россиянын жарандарына сатып комиссия алышты. Андан кийин биздин жарандардын үстүнөн иштеп, доллар тартыштыгын жаратышты. Мындай жол менен алынган пайданы өлкө экономикасына котортуш керек. Министрлер кабинети коммерциялык банктарды ошол валютадан көргөн пайдасын экономикасына салууга милдеттендирип, сыртка чыгарып кетпегендей кылышы керек. Өкмөт элди тонотуп коюп, банктарды жөн гана байыта бербей, өз жарандарына кам көрүшү абзел. Муну ишке ашыруу механизмдери тууралуу жардамдашууга даярмын", — деди Бекешев.
Белгилей кетсек, буга чейин Статистика боюнча улуттук комитет үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөдөгү банктар былтыркыдан эки эсе көп пайда көргөнүн билдирген.
Эксперт Кыргызстанда накталай доллардын тартыш болгон себебин ачыктады