9-сентябрга карата аба ырайы

9-сентябрда республика аймагында күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +23…+28, Нарын жеринде +22…+27 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +32…+34 градус болот.
Жамгыр жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы