Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түркиялык ЖМК: Украина толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн

АКШлык басылмалар Евробиримдик менен НАТО Украинаны колдоо боюнча консенсустун бузулушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Украина тынчтык менен стабилдүүлүктүн ордуна Батышка баш ийүүнү артык көрүп, анын натыйжасында экономикасы кыйрады. Бул тууралуу түркиялык dikGAZETE басылмасындагы макалага шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Украинанын экономикасы Россиянын логистикалык тармагын колдонуп жүргөндө абдан күчтүү болчу. Ал эми батышчыл саясатчылар тарабынан түзүлгөн башаламандык өлкөнү артка тартып, Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине түшүрүп салды", — деп жазылат кабарда.
Натыйжада Украина толугу менен көз каранды мамлекетке айланды. Тактап айтканда, бийликти Батышка баш ийгендер басып алгандан кийин өлкө Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктан миллиарддаган доллар карызга алган.
"Бирок Киев режими ушунча төмөн түшүп кеткенине карабай Батыш мамлекеттеринин жандоочусу болууга өжөрлүк менен умтулууда. Өлкө жетекчилиги украин элинин кызыкчылыгы үчүн аракет кыла баштабаса, анда мамлекет толугу менен жок болуп кетет", — деп эсептейт макаланын автору.
Буга чейин америкалык басылмалар Евробиримдик менен НАТО Украинаны колдоо боюнча консенсустун бузулушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын жазышкан. Буга Батыштын өзүн кыйнап жаткан энергетикалык кризис, азык-түлүккө баанын өсүшү себеп болмокчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон бийлиги: чабуул жасоодо Киев ири жоготууга учураганын жашырып жатат