Автоунаага баңгизат жүктөп Бишкекке жөнөшкөн. Көлдө шектүүлөр кармалды

Колго түшкөн эки киши тең 49 жашта. Соттун чечими менен алардын эки айга камалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп районунда жашаган тургундун үйүнөн баңгизат табылганын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 12-август күнү Түп РИИБине белгисиз адам Бишкекке автоунаа менен баңгизат алып өтөрү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Бул факты Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.
1 / 3

Ысык-Көлдүн Түп районунда жашаган тургундун үйүнөн баңгизат табылганын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, 12-август күнү Түп РИИБине белгисиз адам Бишкекке автоунаа менен баңгизат алып өтөрү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн

3 / 3

Бул факты Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон

"Бандит" жана "Транзит" операциясынын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиционерлер шектүүнүн ким экенин аныктап, Honda Stepwgn автоунаасы менен сапар алып бара жаткан жеринен кармашкан. Анын жанында шериги да болгону айтылды.
"Кармалгандар Түп районуна караштуу Бирлик айылынын 49 жаштагы тургундары болуп чыкты. Тартип сакчылар алардын автоунаасын дароо тинтип, ичинен желим баштыкка салынган кара күрөң кочкул түстөгү затты ширеңкенин тогуз кутучасынан табышкан. Баңгизаттын жалпы салмагы 0,170 граммды түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, А.Т. аттуу шектүүнүн Ой-Тал айылындагы үйү да текшерилген.
"Жыйынтыгында мончонун босогосунун үстүнө урулган тактайдын ортосунан ширеңкенин төрт кутучасы, үйдөгү от жаккан мештин ичинен 40 кутуча табылган. Ичинде кара күрөң жашыл түстөгү баңгизат жыттанган зат болгон. Аларды желим баштыкка ороп, чаптап коюшкан", — деп жазылат маалыматта.
Сурак учурунда А.Т. аттуу шектүү автоунаасынан жана үйүнөн табылган заттар жанындагы Ш.Т. аттуу шеригине таандык экенин айткан. Ш.Т. баңгизат ага тиешелүү экенин моюндаганы маалым болду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертиза дайындалып, шаардык соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
"Үмүт и Ко" ишкана ээсинен 7,3 млн. доллар жана башка акчаларды табышты. Сүрөт