Сузактагы асфальт-бетон заводунун иши токтоду. Себеби

Буга чейин Ынтымак айылына жакын жайгашкан заводдон кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Сузактагы асфальт-бетон заводунун ишин токтотконун билдирди.
Буга чейин Ынтымак айылына жакын жайгашкан заводдон кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат тараган.
"Аталган ишкана Транспорт министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт. Экология министрлигинин инспекторлору заводдо түтүндү чыпкалоочу каражаттардын жок экенин аныктап, заводдун иши токтотулду", — деп айтылат маалыматта.
Аталган заводдун айланасында башка да өнөр жай ишканалары жайгашканы айтылды.
Чүйдө 150 млн. долларга эки завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду