БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламент эрксиз болуп калганын айтып чыкты, бирок анын пикирине кесиптеши Нурлан Шакиев теригип жооп кайтарды.
Мадумаров учурда депутаттар унчукпай отура бергендиктен бийлик бардык башаламандыкты Жогорку Кеңештин колу менен жасап жатканын билдирди. Ошондой эле эрки жоголуп "аянтта баарыңар өлүм жазасына тартылып, асылат экенсиңер" десе жипти өзүбүз ала баралыбы же берет экенби" дегендей болуп калганын айтты.
Ал эми Шакиев буга макул эместигин билдирип, парламенттин аткаруу бийлигинин туура эмес иштерин көзгө сайып көрсөткөнгө жетиштүү рычагы бар экенин айтты.
"Жакшы сунуштарды бере албасак, жөн гана сындап отуруш абдан оңой. Коомдо ушундай болуп калды, жалаң сындасаң, каршы сүйлөсөң — сен акылдуусуң, кыйынсың. Ал эми жакшы жагын айтуу бийликке кошоматчылык катары көрүнүп калды. Адахан Мадумаров, сизди кылмыш жообуна тартуу каралганда сактап калдык эле го. Ошондо эркибизди көрсөтпөдүкпү. Азыр сиз менен аброюма шек келтирип жатасыз", — деди Шакиев.
Ошондой эле ал өзүнүн укугун эч качан тебелетпей президентке, министрлер кабинетин төрагасына дагы сын же колдоо сөзүн айтып келерин белгиледи.
"Мен бир дагы хандан, бектен кайра тарткан эмесмин. Ошон үчүн парламент өзүбүздү жаман, алсыз дей бербейли", — деди Шакиев.