БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы коопсуз аймактын конкреттүү параметрлери Россия менен Украинага жакынкы күндөрү берилет. Бул тууралуу МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссиге шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"АЭСтеги коопсуздук боюнча сунуштар менен тиешелүү тараптарга жакында кайрылам. Мен дегеле катастрофа болуп кетпеш үчүн баарыбыз биргеликте иштешибиз керек деп эсептейм", — деди Гросси.
Белгилей кетсек, 1-сентябрь күнү Рафаэль Гросси жетектеген МАГАТЭ миссиясы Запорожье АЭСине барган. "Росатомдун" делегациясынын башчысы жана ЗАЭСтин кызматкерлери миссияны станциянын бүт аймагын кыдыртып, украин аскерлеринин аткылоосунан жабыркаган тилкелерди көрсөткөн.
Көп өтпөй "Росатом" ишканасынын башчысы МАГАТЭ миссиясынын эрдигин баалай турганын айтты.
"Агенттиктин жетекчиси Рафаэль Гроссиден тартып АЭСтин аймагына унааларды айдап кирген айдоочуларына чейин эрдик көрсөтүштү. Анткени бул идеяны ишке ашыруу өтө кыйынга турду", — деди Алексей Лихачев.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта Россия аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап МАГАТЭ миссиясы абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар болгон.