Путин: Россия Донбассты коргоо милдетин аягына чейин аткарат

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Россия Донбасста жашаган элди коргоо боюнча милдетин аягына чейин аткарып, жыйынтыгында өлкөнүн сырткы саясий позициясын бекемдейт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык VII форумда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Россия көптөгөн аракеттеринен соң бул маселени (Донбасстын жашоочуларынын геноциди — ред.) чечүүнү колго алып, каршылаштардын курал менен кадам таштаган кадамына тынчтык жолу менен жооп берүү чечиминде турду. Муну акылга салып жасадык, бардык аракеттерибиз Донбасста жашаган элге жардам берүү үчүн болду. Бул биздин милдет жана аны аягына чейин аткарабыз", — деген ал.
Путиндин айтымында, мунун баары Россияны ичинен да, сыртынан да тышкы саясатта позициясын бекемдөөгө алып келет.
Буга чейин Путин Донецк жана Луганск республикаларынын жана Украинанын Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирбеген жарандарын РФ аймагынан депортация кылып же чыгарып салууга тыюу салган жарлык чыгарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын каалаган жараны РФ атуулдугун оңой алса болот