Путин: дүйнөдө 345 миллион адам азык-түлүк тартыштыгына кабылды

Азык-түлүк, энергетикалык ресурстар жана тиричилик үчүн баалуу болгон товарлардын тартыштыгына кабылган жакыр өлкөлөрдүн көбү үчүн учурдагы кымбаттоо оңойго туруп жаткан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгын 345 миллион адам сезип жатат, 2019-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү деди РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык сессиясында сүйлөп жатып.
"Азык-түлүк, энергоресурстар жана тиричилик үчүн баалуу болгон товарлардын тартыштыгына кабылган жакыр өлкөлөрдүн көбү үчүн глобалдуу рыноктордогу баанын өсүшү кадимки эле трагедия болушу мүмкүн. БУУнун маалыматы боюнча, эгерде 2019-жылы жер жүзүндө 135 миллион адам тамак-ашка жетпесе, бүгүнкү күндө алардын саны эки жарым эсеге өсүп 345 миллион болду. Бул абдан эле үрөй учурган нерсе", — деген Путин.
АКШ Европаны курмандыкка чалууда. Путиндин экономикалык форумда айткандары