Биринчи жолу көрдүм, өтө көп иштедиңер. Президенттин өкүлү депутаттарды мактады

Абытов 20 жылдык тажрыйбасында түнгө чейин созулган сессияны көрбөгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын өкмөт парламентти тоготпой калды деген сынына жооп берди.
Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов
Ал эл өкүлдөрүнө сый-урмат чоң экенин, чыгарган мыйзамдары аткарыла турганын белгиледи. Буга катар 29-июндагы жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип суроолорго түнгө чейин жооп берип отурганын эске салды.
"Акыркы бир мисалды айтып коёюн, сиздер сессияны аяктап жатканда Акылбек Үсөнбекович алты айлык отчёт берди. Урматтуу депутаттар, сиздерди мактап коёюн, ошол күнү аябай көп иштедиңиздер. Саат 23:15ке чейин иш болду. Мен Жогорку Кеңеште 20 жылдан ашык эмгектенип калдым, бир да жолу саат 23:15ке чейин сессия болгон эмес. 70ке жакын депутат чыгып сүйлөдү", — деди Абытов.
Ошондой эле ал күн тартибиндеги маселелер боюнча чакыртылса өкмөт толук курамда келип жооп берүүгө даяр экенин билдирди.
Акаев: өкмөт парламентти тоготпой калды, бийликти тең бөлүшсүн