Президенттин өкүлү депутатка: биз сизди "тупой" деп эсептебейбиз

Президенттик администрация парламенттин регламентинин долбоорун карагандар туура эмес иш кылганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Биз сизди "тупой" деп эсептебейбиз. Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутат Марлен Маматалиевге кайрылды.
"Марлен Абдрахманович, жана сиз мага карап, "бизди "тупой" дебеңиз" деп айтып кеттиңиз. Биз сизди эч качан "тупой" деп эсептебейбиз. Тескерисинче, биз сизди сыйлап, келечектүү, мыйзам долбоорлорун эң көп демилгелеген алдыңкы депутаттардын бири деп эсептейбиз", — деди Абытов.
Ага чейин Маматалиев Жогорку Кеңештин регламентинин долбоорун президенттик администрация 75-пунктуну Конституцияга каршы келет деп белгилеп четке какканына нааразы болгон. Депутат чынында андай эместигин айтып, негизсиз чечим чыгарылганын белгилеген.
Акаев: өкмөт парламентти тоготпой калды, бийликти тең бөлүшсүн