Ош шаарында комузчулардын сынагы өтөт. Шарттары

Катышуучуларды каттоо 8-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Сынактын өзү 13-сентябрда өткөрүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ош шаарында 9-сентябрда белгиленчү Комуз күнүнө карата "Таңшысын кылым карыткан кыргыз комузу" аттуу сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгы кабарлады.
Конкурс 13-сентябрь күнү "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде болот. Катышуучуларды каттоо 8-сентябрга чейин жүргүзүлөт.
Сынакка Ош шаарындагы 12 жаштан өйдө курактагы окуучулар менен 30 жашка чейинки студенттер катыша алат.
"Комузчулардын чертүү чеберчилигине, ыкмасына жана күүнүн мазмунуна маани берилет. Фонограмма күүлөрдү колдонууга тыюу салынат", — деп жазылган маалыматта.
Алдыңкы орунду алгандар диплом жана баалуу белектер менен сыйланат. Ошондой эле активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар каралган.
Түрк тилдүү элдердин салттуу музыкасына арналды. Көлдө эл аралык симпозиум өтүүдө