Радио

Жунушбаева: Кыргызстан Россияга лифт экспорттой баштайт

"Кыргыз лифт ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрайымы, "SKY Industrial Group" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева Кыргызстанда жасалган лифтини сатып алчулар арбып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандык Sky Elevators компаниясы россиялык "МТК" компаниясы менен лифт продукциясын Россия Федерациясына жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Рахат Жунушбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү ишкана лифтилерди Борбор Азия өлкөлөрүнүн рыногуна да чыгарууну пландоодо.
"Ушул жылдын август айында кыргызстандык Sky Elevators компаниясы россиялык "МТК" компаниясы менен лифт продукциясын Россия Федерациясына жеткирүү боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, россиялык ишкана расмий дистрибьютор катары жакынкы аралыкта жабдууларды жеткире баштайт. РФ тараптан биздин продукцияга кызыгуу жогору болуп, кызматташуу боюнча сунуштар көп. Жакын арада Кыргызстан Россияга лифт экспорттой баштайт. Биздин завод тууралуу ал жактын маалымат булактары жарыялап, ишмердүүлүгүбүздү чагылдырышкан. Эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн рыногуна да чыгарууну пландап жатабыз", — деди Жунушбаева.
Ошондой эле адис геосаясий абалга байланыштуу Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна чыгууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар экени кошумчалады.