Кургакчылык жакындап... Чар тараптан тартылган чочуткан, таң калтырган 10 сүрөт

Планетада климат өзгөргөн сайын анын кесепети улам көбүрөөк байкала баштады. Sputnik Кыргызстан сунуштаган сүрөт түрмөгүнөн дүйнөнүн төрт тарабында кургакчылык кантип өз бийлигин жүргүзө баштагандыгын көрүүгө болот.
Sputnik
Европа алдын ала маалымат боюнча акыркы 500 жыл ичиндеги эң катуу кургакчылыкты башынан өткөрүп жаткандыгын Евробиримдик расмий түрдө билдирди. Булар менен катар эле Кытай, АКШ да табияттын бул кубулушунан жапа чегүүдө.
1 / 10

"Испан Стоунхенжи" "жылаңачтанып" калды. Дольмен-де-Гуадальперала 2 метр жана андан бийигирээк 150 таштан турган тегерекче. Адистер бул 7 миң жылды карыткан эстелик деп эсептешет

2 / 10

Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы баржа. Италиядагы кургакчылыктын кесепети

3 / 10

Венгрия. Маргит аралынын түштүк четиндеги адамдар

4 / 10

АКШ. Качандыр бир кезде сүзүп жүргөн кайык. Өзгөрүп бара жаткан климаттын дагы бир далили

5 / 10

Ирак. Жээк улам тартылып, байыркы шаар кайрадан пайда болгондо... Бирок бул сапар өзү эмес, калдыктары чыккан

6 / 10

Катуу кургакчылык Кытайдын Цзюцзян аймагындагы Поян көлүнүн 75 пайызын жабыркаткан. Бир кезде көлдүн түбүндө калган храм комплексинин азыркы көрүнүшү

7 / 10

Сан-Рома-де-Сау чиркөөсүнүн урандылары. Каталония, Жирон аймагы

8 / 10

Техас, АКШ. Палукси дарыясынын түбүнөн көрүнгөн Sauroposeidon proteles жана Acrocanthosaurus деп аталган динозаврлардын качандыр бир кездеги издери. Окумуштуулар бул табылгага 113 миллион жыл болду дешет. Бул жер динозаврлар өрөөнү деп аталат

9 / 10

Италиядагы кургакчылык Тибр түбүндө калган эски көпүрөнү көрсөттү. Ал Римде Нерон императорунун учурунда курулган дешет

10 / 10

Германия. Бул таштардан турган дамбаны бир кезде суу басып, элдин көзүнө урунбай калган. Бул — азыркы абалы