Баланын кайсы кесиптин ээси болоруна эмес, кандай адам болоруна басым жасап тарбиялоо керек. Мындай пикирин Гүлайым Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланын инсан болуп калыптануусунда мугалимге караганда ата-эненин ролу чоңураак.
"Советтер Союзунда жана азыркы учурда деле биздин республиканын интеллигенциясынын деңгээли жакшы болгон. Орто Азия мамлекеттерине салыштырып айтсак төмөн түшүп кетти дегенге болбойт. Бирок ошого карабай бизде окуунун сапаты түшүп кеткендиги айтылып жатат. Буга 1990-жылдардан кийинки идеологиялык ваакум себеп. СССР тараган соң биз сөз жүзүндө гана "адептүү бол", "тартиптүү жүр" деп айтып калдык. Мурдагыдай тарбиялык иштер колго алынбай калды. Ошол кездеги окуучулар азыр ата-эне болуп калышты. Алар өз балдарын тарбиялап жатышат. Башкача айтканда, үстүбүздөгү 30 жыл бою кармалып турган идеологиялык боштуктун азабын эми тартып жатабыз. Бул жерде биринчи кезекте билим берүүнүн эмес, тарбиянын аксаганы көрүнүп турат. Тарбия башкысы ата-энеден, үйдөн болот. Мурдагы кылымда кыргыздардын 4,5 пайызы гана балдарын арип таанытып, билим алууга бере алган. Калганы үйдөн, ата-эненин берген тарбиясы, билими менен чоңоюшкан. Бирок эмне деген улуу инсандар, кесип ээлери чыккан. Андыктан баланын коомдо бактылуу жана сапаттуу жашоо түзө алган инсан болуп калыптанышы үчүн кесип үйрөнүү үчүн билим алуусуна эмес, анын адамдык сапаттарын өстүргөн тарбиясына маани берүү зарыл", — деди Жумабаева.
Ал учурда балдарга бардык маалыматтын ачык болушу да алардын инсандык калыптануусуна таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.