Парламент Гүлнара Баатырованын саламаттык сактоо министри болушуна макул болду

Баатырова мурдагы министрдин айрым реформаларын улантууга убада берди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Анын талапкерлигин кароо учурунда 44 депутат суроо берип, сунуш-пикирлерин айтышты. Натыйжада 69 эл өкүлү "макул", бирөө "каршы" добуш берип, талапкерлиги жактырылды.
Жыйында Баатырова мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевди адам катары абдан сыйлай турганын айтып, анын саламаттык сактоо системасына кайсы бир деңгээлде салым кошуп кеткенин билдирди. Жүргүзгөн реформалардын оң жана терс жактарын, бардыгын кылдат карап, туура жактарын алып уланта турганын айтып өттү.
Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган. 2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.
Ага удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп да эмгектенген.
УКМКдан кеткен Бекбосун Апсатаров жаңы кызматка дайындалды