Оор күндөр алдыда. Германияда муниципалдык кызматтар банкрот болору болжолдонду

Макалада кыйынчылык али алдыда экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Энергетикалык апааттан улам Германиядагы бир катар муниципалдык кызматтар банкрот болушу ыктымал. Бул тууралуу Euractiv порталына таянып РИА Новости кабарлады.
"Муниципалдык кызматтар электр энергиясын сатып алуу баасынын кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануу менен көз салууда. Газ, электр жарыгына болгон нарк өскөн сайын энергияны сатуунун баштапкы чыгымдары көбөйүп жатат. Ал эми буга чейин кол коюлган келишимдер узакка созулбайт. Кыйынчылык али алдыда", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү деңгээлде газ, суу жана электр энергиясын берген кызматтар коргоого муктаж болуп жатканы кошумчаланды. Бирок Германиянын Экономика министрлигинин өкүлү жардам өкмөт ага кызыкдар болгондо гана берилерин, каалаган максатка башка жолдор менен жетишүү мүмкүн эместигин белгилеген.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы, газ кымбаттап, инфляция өстү. Бул нерсе негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди.
Эрдоган: Батыш Путинге каршы санкциясынын азабын тартып жатат