7 миллионго чукулдады. Статком эл каттоонун жыйынтыгын чыгарды

13 жылдын ичинде Кыргызстан калкынын саны 1,6 миллион адамга көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өлкө калкынын саны ушул жылдын 1-августуна карата 6 миллион 977 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, эл каттоонун жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн туруктуу элинин саны 13 жылдын ичинде 1,6 миллион адамга көбөйгөн.
"Калктын жыл ичиндеги өсүү темпи 2,1 пайызды түздү", — деп жазылат маалыматта.
Комитет бул жылдагы эл каттоону эки этапта өткөрдү.
"Азыркы учурда оңдоп-түзөө этабы жүргүзүлүп жатат, анын жүрүшүндө алынган маалыматтар логикалык каталарга карата текшерилет жана учурдагы демографиялык эсепке алуу маалыматтары (жынысы, жашы, аймактык бөлүнүшү жана башка) менен салыштырылат. Бул этап үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аяктайт", — дешти комитеттен.
Эл каттоонун маалыматтары демографиялык статистиканын негизги булагы болуп саналат, ал 10 жылда бир жолу өткөрүлөт.
Радио
Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын санынын төмөндөө тенденциясы байкалууда