8-сентябрга карата аба ырайы

8-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +25...+30 жана Нарын аймагында +26...+31 градус ысыйт.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +33...+35 градусту көрсөтүп турат.
Кургакчылык жакындап... Чар тараптан тартылган чочуткан, таң калтырган 10 сүрөт