РФ менен Кытайдан келген коркунучка бирге каршы турабыз. Байден менен Трасс сүйлөштү

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болуп 5-сентябрь күнү Лиз Трасс шайланган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Лиз Трасс менен телефон аркылуу алгачкы сүйлөшүүсүндө Россия, Кытай жана Иран тараптан болгон коркунучтарды талкуулады. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
"Президент Байден менен премьер-министр Трасс глобалдык чакырыктар боюнча тыгыз кызматташууну улантуу керектигин белгилешти", — деп айтылат Ак үйдүн маалыматында.
Тагыраагы, эки жетекчи "Россияга баш ийбеген" Украинаны колдой тургандыктарын, Кытай тараптан болгон коркунучка жана Ирандын өзүнүн өзөктүк куралын жасоосуна каршы турарын билдиришти.
Эске салсак, Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болуп 5-сентябрь күнү Лиз Трасс шайланган.
Британияда Трасс шайланган соң бир нече аткаминер кызматтан кетти