Радио

Жусупов: Чуңкурчактагы ат чабышта үч күлүк өлдү

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда өткөн ат чабышта марага жетпей үч ат күйүгүп өлгөнүн айтты.
Sputnik
Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүлгөн ат чабышта марага жетпей калган Дулдулдан сырткары дагы эки күлүк өлгөн. Алар Таластан алып келинген. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ат чабышка чыга турган жылкылар ветеринарлардын тыкыр көзөмөлүндө болчу.
"31-августта өткөрүлгөн ат чабышта жалпысынан үч күлүк өлдү. Алардын бардыгы текшерилип, жүрөгү чоңоюп, өпкөгө аба жетпей күйүгүп өлгөнү аныкталды. Жарышка чыгуучу аттар иш-чарага бир нече күн калганда эле Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун ветеринардык кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп турушкан. Ал учурда эч кандай оорунун клиникалык белгилери байкалган эмес. Бирок ат чабыш учурунда өрдү карай узак аралыкка чуркагандыктан күйүгүп өлүшкөн. Бул тиешелүү деңгээлде даярдыктан өтпөй калгандыгын билдирет", — деди Жусупов.
Ал ат чабышка чыккан жылкылардын баары старт алдында текшерүүдөн өткөнүн, бул багытта 30дан ашуун ветеринар иш алып барганын кошумчалады.