Рамзан Кадыров бийликтен кетем деген оюнан кайтып, себебин түшүндүрдү

Буга чейин ал аймак башчыларынын арасында узак өмүр сүргөн жетекчи экенин айтып, "мөөнөтсүз жана узакка созулган өргүүгө" чыгарын жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров кызматынан кетпей, эми өргүүгө чыкпай иштей турганын билдирди.
Буга чейин ал субъект башчыларынын арасында узак өмүр сүргөн жетекчи экенин билгенин айтып, "мөөнөтсүз жана узакка созулган өргүүгө" кетерин жар салган.
Чечен Республикасынын башчысы Telegram-каналына узак өмүр сүргөн жетекчи боюнча билдирүүсүнөн кийин окурмандардын пикирин билүүнү чечкенин жазган.
"15 жыл узак мөөнөт деп ойлоп бул боюнча силердин да пикириңерди билгим келди. Кийинчерээк мен узак өмүр сүргөн жетекчи эмес экенимди түшүндүм. Көрсө, рекорд 27 жыл экен. Ошол себептен азыркы рекордго жетүүгө аракет кылууну чечтим. Көрөбүз, балким, бул көрсөткүчтөн да ашып кетермин", — деген Кадыров.
Республика жетекчиси бул кызматтан жөн эле кетип калууга укугу жок экенин айтып, аймакты ага ишенип тапшырышканын кошумчалаган.
"Ишенимди актоо менин ыйык милдетим. Элдин жана Россиянын президентинин уруксаты менен гана кете алам. Ошол себептен мөөнөтсүз кызматтан кетүү боюнча теманы кийинкиге калтыралы. Азыр эмгек өргүүгө да чыкпай иштейм", — деди ал.
Кадыров атайын операция учурунда аймактардын башчылары да, аскер кызматкерлери да жумуштан кетпей иштеши керектигин кошумчалаган.
Кремль Рамзан Кадыровдун кызматтан кетүү тууралуу айтканы боюнча үн катты