Элчилик: курьердин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүп, таксист камалды

Такси кызматында иштеген кыргызстандык 30 жашта, ал эми көз жумган киши 34 жашта болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Москвада Кыргызстанда туулган жигитти (курьерди) сүзүп кеткен кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, такси кызматында иштеген кыргызстандык 30 жашта болгон.
"Т.А.А. Москванын Профсоюз — Миклухо-Маклай көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кетүүгө аракет кылып, курьерди сүзгөн. Курьер ошол жерден жан берген. Таксистке  Россиянын ички иштер башкармалыгынын түштүк-батыш административдик округунун тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми көз жумган теги кыргызстандык жигиттин сөөгү элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөнү айтылды.
Эске салсак, кырсык Москванын түштүк-батышында болгон. Курьер Профсоюз көчөсүндө бир дөңгөлөктүү транспорту (самокат) менен жолдон өтүп бараткан. Шаардык прокуратура таксист жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп, коюп кеткенин маалымдаган. Жабыркаган киши кырсык болгон жерден үзүлгөн. Көз жумган 34 жаштагы адам Россиянын жараны, бирок улуту кыргыз экени айтылса, таксист Кыргызстандын жараны болуп чыккан.
15 метрлик аттракциондун ичиндеги кишилер менен кошо кулаган видеосу