Мектепте китепке ижара акы сурап жатабы? Министрлик жол-жобосун түшүндүрдү

2018-жылдан кийин басып чыгарылган жаңы китептер гана ижарага берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мектеп окуучуларына китептердин ижара акысы жылына 25 сом деп белгиленген. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдан кийин басып чыгарылган китептер гана ижарага берилет. Андан түшкөн каражатка 2023-жылы кайрадан жаңы китептер басылып, мектептерге таратылат.
Бүгүнкү күндө китеп ижарасынан 140 миллион сомго чукул чогулганы белгиленди. Ал 5-6-класстардын бардык сабактары жана 7-8-9-класстардын кээ бир предметтери боюнча берилген китептерден жыйналган.
Министрлик 2018-жылга чейин чыгарылган китептер окуучуларга акысыз берилерин эскертти. Ижара төлөнө турган китептердин тизмеси шилтемеде көрсөтүлгөн.
Окуучулар үчүн киргизилген быйылкы саамалыктар