Акылбек Жапаров: өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө таасирин тийгизет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. "Альфа Телеком" жабык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлады.
Көргөзмөгө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров барды. Ал санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.
1 / 4

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты

2 / 4

Көргөзмөгө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров барды

3 / 4

Ал санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты

4 / 4

Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген

Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
"Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл", — деген ал.
5G технологиялар маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.
Кыргызстанда 5G технологиясына уруксат берилип, Бишкекте сыноо өттү