Кыргызстандык аскерлер Россиядагы "Чыгыш — 2022" машыгуусуна катышты. Сүрөт

Кыргызстандын атынан Улуттук гвардиянын "Пантера" бөлүгүнүн аскерлери чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россиянын "Сергеевский" полигонунда "Чыгыш — 2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү. Бул туурасында Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.
1 / 8

Россиянын "Сергеевский" полигонунда "Чыгыш — 2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү

2 / 8

Бул туурасында Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады

3 / 8

Ага министр Бактыбек Бекболотов дагы катышкан

4 / 8

Машыгуунун соңку этабында душмандын негизги тобун артиллериянын, авиациянын жана түз ок атууга бөлүнгөн каражаттардын жардамы менен талкалоо боюнча тапшырмалар аткарылды

5 / 8

Эскерте кетсек, "Чыгыш — 2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу үстүбүздөгү жылдын 1-6-сентябрь күндөрү Россиянын Чыгыш аскер округунун аймагында өттү

6 / 8

Ага 50 миңден ашуун аскер кызматкери, 5000 курал-жарак жана аскердик техника тартылган

7 / 8

Маневрларга ЖККУ, ШКУ жана башка мамлекеттердин аскер контингенттери жана байкоочулары катышты

8 / 8

Кыргызстандын атынан Улуттук гвардиянын 10128 "Пантера" аскер бөлүгүнүн кызматкерлери чыккан

Ага министр Бактыбек Бекболотов дагы катышкан. Машыгуунун соңку этабында душмандын негизги тобун артиллериянын, авиациянын жана түз ок атууга бөлүнгөн каражаттардын жардамы менен талкалоо боюнча тапшырмалар аткарылды.
Эскерте кетсек, "Чыгыш — 2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу үстүбүздөгү жылдын 1-6-сентябрь күндөрү Россиянын Чыгыш аскер округунун аймагында өттү. Ага 50 миңден ашуун аскер кызматкери, 5000 курал-жарак жана аскердик техника тартылган.
Маневрларга ЖККУ, ШКУ жана башка мамлекеттердин аскер контингенттери жана байкоочулары катышты. Кыргызстандын атынан Улуттук гвардиянын 10128 "Пантера" аскер бөлүгүнүн кызматкерлери чыккан.
"Восток-2022" аскердик машыгуулары: жаңы катышуучулар, коюлган рекорддор