БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстан Кабулдагы (Афганистан) Россиянын элчилигинде жасалган террордук актыны айыптайт. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
"Тынч жашоочуларга, чет элдик дипломаттарга жасалган террорчулуктун кандай актылары болбосун айыптайбыз. Ал эми күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазасын алышы керек", — деп билдирген ТИМ.
Кыргызстан террорчулук жана экстремизмдин кандай гана түрү болбосун ага каршы элдешкис күрөштү колдой турганын жана эл аралык коомчулукту бул маселе боюнча координацияны бекемдөөгө чакырарын билдирген.
ТИМ каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондордун тез арада айыгып кетишин каалайт.
Жарылуу кечээ, 6-сентябрда болуп, анын кесепетинен элчиликтин эки, Афганистандын аскер күчтөрүнүн төрт кызматкери көз жумган. Жарадар болгондор да бар.
"Талибан"* кыймылынын өкүлдөрү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жан кечти террорчу бомбаны элчиликтин алдында иштетип жибергенге чейин аны аткандыктарын айтышкан. Тилекке каршы, ал баары бир жарылган.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.