Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон бийлиги: чабуул жасоодо Киев ири жоготууга учураганын жашырып жатат

Украинада жоготуулардын масштабын карапайым эл менен журналисттерге көрсөтпөө үчүн каза болгон аскерлерге эч кандай ызат көрсөтүлбөстөн, жашыруун жерге берилип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Киев бийлиги Херсон аймагындагы ийгиликсиз чабуул учурундагы катастрофалык жоготууларын ачыктабай жашырууда. Бул тууралуу РИА Новостиге аймактык администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремусов билдирди.
"Херсон облусуна чабуул жасоого аракет болгон маалда украин аскерлеринин кыйроого учураганы айтылбай жатат. Биздин маалыматтар боюнча, августтун аягынан бери эле үч миңге жакын аскер жана 100гө жакын чет элдик аскер техникасы жок кылынган", — деди Стремусов.
Анын айтымында, Украинада жоготуулардын масштабын карапайым эл менен журналисттерге көрсөтпөө үчүн каза болгон аскерлерге эч кандай ызат көрсөтүлбөстөн, жашыруун жерге берилип жатат.
Буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрү Украина президенти Владимир Зеленскийдин көрсөтмөсү менен Николаев жана Херсон облустарын басып кирүүгө аракет кылган украин аскерлеринин мизин кайтарганы айтылган.
Атайын операциянын жүрүшүндө РФ аскерлери Херсон жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Эки аймакта тең жаңы администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар менен радиостанциялар обого чыгууда, Крым менен соода жана транспорт байланыштары калыбына келтирилип жатат. Аймактар Россиянын курамына кирүү планын жарыялашты.
Европалык комиссар: Украинага жардам беребиз деп өзүбүздө курал калбай калды