Европалык комиссар: Украинага жардам беребиз деп өзүбүздө курал калбай калды

Дипломат Евробиримдикке мүчө мамлекеттерди аскердик заказдарды бириктирүү аркылуу арсеналды толуктоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Евробиримдик өлкөлөрүндөгү курал-жарактын запасы Украинага аскердик жардам көрсөтүлгөндөн кийин дээрлик түгөндү. Бул тууралуу Европанын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча комиссары Жозеп Боррелдин Associated Press агенттигине берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Биз украиндерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип жатабыз. Бирок ошол эле учурда өзүбүздүн аскерий запастар түгөнүүдө", — деди Боррель.
Дипломат Евробиримдикке мүчө мамлекеттерди аскердик заказдарды бириктирүү аркылуу арсеналды толуктоого чакырды. Анын айтымында, бул чыгымдарды кыскартууга жардам берет.
Февраль айынын аягынан бери Евробиримдик Украинага аскердик жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 2,5 миллиард евро бөлүүгө макул болгон. Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Россия буга чейин НАТОго нота жөнөткөн. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды берип жатканы орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип, терс таасирин тийгизерин айткан.
Беларустун тактикалык өзөктүк куралы Батыштын тынчын алууда. Себеби