Эрдоган: Батыш Путинге каршы санкциясынын азабын тартып жатат

Эрдоган санкциялардын азабынан Батышта кыш оор болот деп божомолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Батыш Россия жана ал өлкөнүн башчысы Владимир Путинге каршы санкция салып, анын запкысын энергетикалык каатчылыкка кабылып тартып жатканын айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бизде газга байланыштуу кыйынчылык жок. Батыш болсо санкцияларынын кээрин көрүүдө. Путинге каршы позициясы жана санкциялар ушуга алып келди. РФ лидери колунда бар куралдын баарын колдонууда. Тилекке каршы, ушундай кырдаал жаралып калды, Батышта кыш оор болот деп ойлойм. Бизде андай көйгөй жок", — деген Эрдоган.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы кымбаттап, инфляция өстү. Бул нерсе негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди. Россиянын президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатып жатканын айтып келет.
Пушков: Европанын энергетикалык апаатты алдын алууга азырынча убактысы бар