Радио

Мамытов: кризис күч алса доллар, евро туруксуз болушу ыктымал

Экономист Улукман Мамытов Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында улуттук валюта менен соода кылууга өтүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
Дүйнөдө чоң кризис болушу ыктымал. Ошондуктан ЕАЭБдин алкагында улуттук валютага өтүү зарыл. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул Кыргызстанга дагы пайдалуу болот.
"ЕАЭБдин алкагында улуттук валютага өтүү зарыл болуп турат. Анткени алдын ала иш алып баруу керек. Мындай демилге Россия тарабынан көтөрүлүүдө. Дүйнөдө геосаясий абал өзгөрүп, жаңы валюталык система изделип жатат. Россия учурда ЕАЭБдин ичинде эле эмес, ШОС, БРИКС деген уюмдар менен тыгыз иштеп жатат. Улуттук валютада соода жүргүзүү Россияга керектүү маселе болгону менен Кыргызстанга дагы зарыл. Учурда чоң кризистин алдында турабыз. Ал эми Кыргызстан батыш өлкөлөрүнүн акчасына байлануу. Эгерде аларда кризис күч алып кетсе, валюталары туруксуз болуп калышы ыктымал. Ошондуктан алдын ала башка жолдорду дагы караштыруу зарылдыгы келип чыгууда. Алсак, жаңы валюталык системага өтүүгө аракет жасалып, азыртадан тестирлөө жүргүзүлө башташы шарт", — деди Мамытов.
Ошондой эле валютанын туруктуулугу бир канча факторлордон көз каранды экенин кошумчалады.