Ботаникалык бактагы өрт өчүрүлүп, бир гектар аянты күйгөнү айтылды

Өрттү өчүрүүгө саат 19:35те бир бригада барган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан Ботаникалык бактын аймагындагы бир гектар жерде куураган чөп күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-сентябрда, Аалы Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерден өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө саат 19:35те бир бригада барганы айтылды.
Тилсиз жоо саат 20:19да чектөөгө алынган.
"Өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Ботаникалык бакчанын аймагындагы бир гектар куураган чөп жана бактардын дүмүрү күйгөн", — деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок.
Түндө Бишкекте жанаша жайгашкан үч турак үй өрттөндү. Сүрөт