Бишкекте Ботаникалык бактын аймагында өрт чыкты. Видео

ӨКМден кошумча маалымат бере тургандыктарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагындагы Ботаникалык бактан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Алдын ала маалымат боюнча, Түштүк магистраль жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:35те бир бригада тартылган", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМден бир аздан соң кошумча маалымат бере тургандыктарын айтышты.
Түндө Бишкекте жанаша жайгашкан үч турак үй өрттөндү. Сүрөт