Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бердянскиде шаар комендантынын автоунаасы жардырылды

Бардиндин оор абалда ооруканага жаткырылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бердянск калаасынын коменданты Артем Бардиндин автоунаасы жардырылганын РИА Новостиге Запорожье облусундагы "Биз Россия менен биргебиз" кыймылынын төрагасы Владимир Рогов билдирген.
Анын айтымына караганда, автоунаа жарылар алдында атышуу болгон. Бардин оор абалда ооруканага түшкөн.
Буга чейин Бердянск шаарынын администрациясы жайгашкан имараттын жанында эки ирет жарылуу жаңырганы кабарланган. Бийлик аны теракт деп атады.
Калаа администрациясынан, андан сырткары, үч автоунаага да анын кесепети тийгендигин, бирок бактыга жараша, алардын ичинде эч ким болбогондугун айтышты.
Мындан тышкары, Херсондо сегиз жарылуу жаңыргандыгы айтылууда.
Атайын операциянын жүрүшүндө РФ аскерлери Херсон, Мелитополь, Бердянск шаарларын баш кылып, Херсон жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Эки аймакта тең жаңы администрациялар түзүлүп, алар Россиянын курамына кирүү планын жарыялашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон бийлиги: чабуул жасоодо Киев ири жоготууга учураганын жашырып жатат