УКМКдан кеткен Бекбосун Апсатаров жаңы кызматка дайындалды

Тишелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев кызматтан бошотулуп, ордуна Бекбосун Апсатаров дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тишелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Сатыев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткени айтылат. Ал эми Апсатаров октябрь окуясынан кийин УКМК төрагасынын орун басары болуп, быйыл 13-июлда иштен алынган болчу. Ал биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматтын директору катары иштеген.
"Кыргыз алтындын" жетекчилиги кетип, 33 жаштагы Калдарбеков башкармай болду