Байден Россияны террорчулукка демөөрчү өлкөлөрдүн тизмесине кошууга макул эмес

Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Вашингтон мындай кадамга барса, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге чекит коюларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден Россия Кошмо Штаттар түзгөн террорчулукка демөөрчү өлкөлөрдүн тизмесине киргизилбей турганын айтканын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, Байден Вашингтонго келгенден кийин ага журналисттер бир катар суроолорду берген. Анын ичинде "Кошмо Штаттардын террорчулукту каржылаган өлкөлөр тизмесине Россияны киргизүү зарылбы?" деген суроо жаңырып, ага президент "жок" деп жооп берген. Башка суроолор жоопсуз калган.
Буга чейин Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жим О'Брайен Россияга мындай макам берүү эгин боюнча келишимге терс таасирин тийгизерин айткан.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Вашингтон мындай кадамга барса, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге чекит коюларын белгилеген.
Индия: АКШ шарт коюп, Россия менен алаканы токтотууну талап кыла албайт