65 жаштагы кыргызстандык шоунун "Көрбөй үнүн угуу" этабында Том Жонсондун "Sexbomb" ырын аткарды.
Ал ырдаганда ары карап отурган калыстардын төртөө тең бурулуп насаатчы болуп, өз командасына алууга даярдыгын билдирди. Баары бир мүнөткө жетпей бурулушту.
Натыйжада Султаналиев калыстардын ичинен Валерий Сюткинди тандады.
"Тимеле 20 жаштагы жигиттей ырдайт экенсиз. Өтө керемет, сизди өз командамда көрсөм бактылуу болом", — деп алкады Сюткин.
Эми сынактан кийинки этаптарында Султаналиев насаатчысынын командасындагы ырчылар менен чыгат.