БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 30 жылдан кийин Россияда аялдардын боюна бүтүү ыктымалдуулугу 5 пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин аялдардын репродуктивдүү ден соолугу боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Наталия Долгушина айтканын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Россияда тукумсуздукка кабылгандардын саны өсүүдө.
"Онкологиялык оорулардын көбөйүшү чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Акыркы жылдарда рак менен жаштар да көп ооруй баштады. Онкологиялык оорудан каза болгон аялдардын дээрлик 31 пайызы репродуктивдүү органдардын рагына чалдыккан. Анын ичинен 4 пайызы — төрөй элек, 40 жашка чейинки аялдар", — деген Долгушина.
Ал 40 жаштан өткөн ар бир аял гинекологиялык бир-эки өнөкөт оору менен жабыркай турганын кошумчалаган.