УКМК: Таласта Эсеп палатасынын тышкы адиси 150 миң сом пара алып кармалды

УКМКнын пара алууга катыштыгы бар башка дагы адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Эсеп палатасынын тышкы адиси К.Э.Т. аттуу кызматкердин облустардын бириндеги жогорку окуу жайды текшерип жүрүп 150 миң сом пара алган фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эсеп палатасынын тышкы адиси финансылык ишмердикке формалдуу түрдө аудит жүргүзүү үчүн ТалМУнун кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө пара алганы аныкталган. Ал бүгүн кармалып, Талас облустук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылган маалыматта.
Учурда УКМКнын жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатканы маалым болду.
Студент, мугалимдерден акча чогулткан деп Талас МУнун ректору кармалды. Видео