Радио

Каримов: улакчы, боксчулардын тишине имплант койгонго болбойт

Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов имплантты кимдер койдура албастыгын санап берди.
Sputnik
Бардык эле адамдарга жок тишинин ордуна имплант коюла бербейт. Мисалы, жүрөк кемтиги барлар, кант диабетинен жабыркагандарга болбойт. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тишке имплант койдурууда кандын жалпы анализи талап кылынат.
"Имплант медицинанын өнүккөндүгүнүн бир белгиси десек болот. Анткени ал бир гана эстетикалык жактан көрктүү келип көпкө чыдагандыгы менен эле эмес, башка тиштерди жабыркатпай орнотулганы менен да бааланат. Баасын мынча сом деп так кесе айтуу кыйын. Аны кайрылган адамдын абалына, имплантты тандаган түрүнө карап белгилейбиз. Мында деле өтө арзандары сапатына жооп бере албайт. Бирок каалаган эле кишиге кое бербейбиз. Мисалы, спортчулардан хоккейчилер, боксчулар жана улакчыларга имплант коюлбайт", — деди Каримов.
Ал импланттар бир этаптуу жана эки этаптуу болуп бөлүнөрүн, кайсынысын орнотуу кардардын каалоосунан эмес, ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды экенин кошумчалады.