Россиянын Кабулдагы элчилигинин имаратында жарылуу болду

Жан кечти террорчу дипломатиялык миссиянын имаратынын алдында өзүн жардырып жиберген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кабул шаарында Россиянын элчилиги жайгашкан имаратта жарылуу болду. Бул туурасында Reuters полицияга шилтеме кылып кабарлады.
ЖМКлардын маалыматына караганда, жан кечти террорчу дипломатиялык миссиянын имаратынын алдында өзүн-өзү жардырып жиберген.
"Жан кечтинин өзүн-өзү жардыруусу россиялык элчиликтин дарбазасында болгон", — деп билдирген агенттик.
Жергиликтүү жашоочулар РИА Новостиге жарылуу болгон жерге бир топ тез жардам автоунаасы келип жаткандыгын айткан.
2021-жылы август айында "Талибан"* кыймылы Кабулду басып алып, өкмөттүк аскердик күчтөр менен согуш аягына чыккандыгын жар салган.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.
Россия: "Талибандын"* тушунда Афганистандан Борбор Азияга баңгизат агымы көбөйдү