БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россияда чет элдик жумушчу күчтүн агымы көбөйдү. Өзгөчө Борбор Азиядан баргандар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Игорь Баринов "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, ушул жылдын өткөн айларында Борбор Азиядан Россияга барган мигранттардын агымы 2021-жылга салыштырмалуу 30 пайызга өскөн.
"Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан. Мигранттардын дээрлик бардыгы ушул үч мамлекеттен келүүдө", — деди Баринов.
Ал буга чейин президент Владимир Путин колдогон мигранттар үчүн адаптациялык борборлорду ачуу идеясына да токтолгон. Өлкө башчынын айтымында, Россияга келген мигранттар өлкөнүн мыйзамын, тилин жана маданиятын билиши керек.
"Тилекке каршы, биз жакка келген адамдар салт-санаа, үрп-адат, маданиятыбызды жакшы билишпейт. Бул борборлор ошол боштукту жоюп, келгендерге укуктук, юридикалык, этномаданий жана диний жаатта маалымат берип, эмне кылууга болуп-болбой турганын түшүндүрүү үчүн түзүлүп жатат", — деген ал.
Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, 2022-жылдын экинчи кварталында РФке 3,12 миллионго жакын эмгек мигранты барган.