Элчилик: Москвада Кыргызстанда туулган жигитти коюп кеткен таксист да КР жараны

Көз жумган 34 жаштагы адам Россиянын жараны, бирок улуту кыргыз экени маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Москвада Кыргызстанда туулган жигитти (курьер) сүзүп кеткен таксист да кыргыз жараны экенин Россиядагы элчилик маалымдады.
Кырсык Москванын түштүк-батышында болгон. Курьер Профсоюзная көчөсүндө бир дөңгөлөктүү транспорту (самокат) менен жолдон өтүп бараткан. Шаардык прокуратура таксист жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп, коюп кеткенин маалымдаган. Жабыркаган киши кырсык болгон жерден үзүлгөн.
Көз жумган 34 жаштагы адам Россиянын жараны, бирок улуту кыргыз экени айтылган.
Түндө Бишкекке жакын айланма жолдогу автокырсыктан 5 киши көз жумду. Видео