Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри болот

Трасстын шайлоо учурунда атаандашынан 20 миң добушту көп алганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын жаңы премьер-министри эртең Лиз Трасс болорун РИА Новости билдирди.
Аталган республиканын ТИМ башчысы бүгүн Улуу Британиянын консерваторлор партиясынын лидерлигине шайланды.
Аталган партиянын комитет жетекчиси Грэм Брейди талапкер Трасс 81,3 миң добуш алганын жар салды. Ошентип ал атаандашы, 60,4 миң добуш топтогон мурдагы финансы министри Риши Сунактан озуп өткөн.
Буга чейин Sky News азыркы премьер-министр Борис Жонсон ыйгарым укуктарын 6-сентябрдан эртерээк өткөрүп бербей тургандыгын билдирген. Ушул эле күнү Улуу Британия ханышасы экөөнү тең шотландиялык Балморал залында кабыл алат да, 7-сентярда жаңы премьердин парламенттеги салт болуп калган суроолор сессиясы өтөт.
Тереза Мэйдин ордуна 2019-жылы келген Жонсон 2022-жылдын 7-июлунда өкмөт башчылыктан жана Улуу Британиянын консерваторлор партиясынын жетекчилигинен кетерин билдирген.
Бул орунга баш-аягы 11 парламентарий талапкер болуу ыкласын билдирген, саясий жарыш учурунда тогузу чыгып калган. Акыркылардан болуп Лиз Трасс менен Риши Сунактын тагдырын партиянын учурдагы 200 миң мүчөсү өз добуштарын берип чечти. Алар кимди тандагандыгын почта аркылуу билдирип, аталган процесс 2-сентябрда соңуна чыкты.
Лиз Трасс зарыл болсо "өзөктүк кнопканы" басууга даяр. Захарованын жообу