Кыргызстанда дизель майынын баасы дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө

Эшатовдун айтымында, Россияда үч ири завод профилактикалык оңдоо иштери үчүн жабылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Күзүндө Кыргызстанда дизелдин баасы дагы өсө турганын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Ал күйүүчү майдын баасы эмне себептен көтөрүлүп жатканын түшүндүргөн.
"Россиянын ички рыногунда дизель тартыш болуп жатат. Ал жакта үч ири завод профилактикалык оңдоо иштери үчүн жабылып, күзгү жыйым-терим убагы башталды. Казакстан сентябрь айынан баштап Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан дизель сатып алууну көздөөдө. Бул дагы баага таасир этет", — деген ал.
Ал мунайга болгон баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция экенин айтып, кымбаттоо 2021-жылдын октябрынан бери токтой электигин кошумчалаган. Азыр Бишкекте дизелдин литри 75 сомдун тегерегинде, былтыр августтун аягында 49 сомдон болчу.
Апта башында алтын, доллар жана бензиндин баасы канчадан болууда