БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Комуз күнүнө карата түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосун изилдөөчүлөрдүн эл аралык симпозиумунда бул багытты изилдөө булактары, тарыхы, жаңы ыкмалары талкууланмакчы. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көп адистердин башын бириктирген иш-чара 9-сентябрга чейин уланмакчы.
"Симпозиум салттуу маданият жана музыкалык искусство жаатындагы өнөр адамдарын жана илим жаатындагы окумуштууларды бир аянтчага бириктирүү, түрк тилдүү элдердин музыкалык салттарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт. Анда окумуштуулар менен пленардык отурумдар өтүп, өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү салттар, түрк музыкасынын изилдөө булактары, түрк музыкасынын жалпы тарыхы, изилдөөнүн жаңы ыкмалары талкууланмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Анын алкагында салттуу музыка өнөрүнө тиешелүү фильмдердин, китептердин, сайттардын бет ачары болуп, маданий программа менен коштолот.
Симпозиумга: Кыргызстан, Казакстан, Италия, Венгрия, Финляндия, Австрия, Япония, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстандын илимпоздору, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрү кадимки тартипте жана онлайн катышат.
9-сентябрда Бишкекте Комуз күнү да салтанаттуу белгилене турганы кошумчаланды. Иш-чара Улуттук тарых музейинин алдында белгиленип, чоң программадагы гала-концерт болот.