Кабулдагы терактыдан Россия элчилигинин эки кызматкери каза тапты

Буга чейинки маалыматтарда террорчу жан кечтинин талибдердин күзөт кызматына ок чыгаргандыгы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кабулдагы Россия элчилигинин алдында жасалган терактыдан дипломатиялык миссиянын эки кызматкери каза тапты. Бул туурасында РФ ТИМинен кабарлашты.
Афган Коопсуздук кызматы иликтөөсүн баштаган. Буга чейин РИА Новостинин маалымат булагы дипломат элчиликтин алдында виза алуу үчүн кезекте турган талапкерлердин ысымын жарыя кылуу үчүн сыртка чыкканда жардыруу болгонун айтты.
Алдын ала берилген маалыматтарда 15-20га чукул киши жабыркаган.
Буга чейин Рейтер агенттиги террорчу жан кечти талибдердин күзөт кызматына ок чыгаргандыгын жазды.
2021-жылы август айында "Талибан"* кыймылы Кабулду басып алып, өкмөттүк аскердик күчтөр менен согуш аягына чыккандыгын жар салган.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.
Шойгу: Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларын күчтөндүрөт