Кабулдагы РФ элчилигиндеги жардыруу: 20га чукул кишинин жабыркаганы айтылууда

Маалымат булактары россиялык эки жарандын – күзөт кызматкери менен дипломаттын жарадар болгонун жазышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен — Sputnik. Афганистандын борбору Кабулдагы РФ элчилигиндеги бүгүнкү жардырууда эки россиялыктын, тагыраагы дипломат жана күзөт кызматынын өкүлү жабыркады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Маалымат берген киши жарылуу Кабулдагы бул окуя Россиянын Афганистандагы элчилигинин жайгашкан имараттын алдында болгондугун билдирген. Бул террактыдан 15тен 20га жакын адамдын жабыркагандыгын айткан. Азырынча так маалыматтар бериле элек.
Буга чейин Рейтер агенттиги террорчу жан кечти талибдердин күзөт кызматына ок чыгаргандыгын билдирди.
Россия: "Талибандын"* тушунда Афганистандан Борбор Азияга баңгизат агымы көбөйдү