Россия элчилигинин алдындагы теракт. "Талибан"* кырсык боюнча үн катты

Терактыдан Россия элчилигинин эки кызматкеринен тышкары Афганистандын төрт аскер кызматкери каза болуп, бир нечеси жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Кабулдагы Россия элчилигинин алдында жасалган теракт боюнча үн катты.
Алардын маалыматына караганда, күч түзүмдөрү террорчу жан кечтини ал Россиянын Кабулдагы элчилигинин алдына бомба жардырганга чейин эле атышкан. Бирок жардыргыч зат иштеп кеткен.
"Талибан" кыймылы билдиргендей, терактыдан Россия элчилигинин эки кызматкеринен тышкары Афганистандын төрт аскер кызматкери каза болуп, бир нечеси жабыркаган.
*Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.
Шойгу: Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларын күчтөндүрөт