Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Путиндин күлкүсү келип отурса керек". Бундестагдагы нааразычылык

Россия Украинада атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Антироссиялык санкциялар Украинадагы жаңжалды токтотпой турганы анык. Ал эми Германия энергетика тармагындагы чечимдери менен өнөр жайын жана орто чарба калкты кыйнап жатат. Бундестагдын солчул фракциясынан депутат Сара Вагенкнехттин мындай пикирин РИА Новости жазды.
"Россия азыр баанын өсүшүнөн улам мурдагыдан да көп киреше алып жатат. "Газпром" компаниясынын кирешеси рекорддук көрсөткүчкө жетти. Анын аркасы менен азыр Кытайга кошумча газ куурлары курулууда", — деди депутат.
Вагенкнехт Россия учурда мунай экспортун Азияга көбөйткөнүн, андыктан РФ чийки затын сатууга муктаж эмес экенин айтты. Ошол эле учурда арзан энергия булактары болбосо немец өнөр жайы банкротко тушукмакчы.
"Эми көптөгөн компаниялар Европадагы жумуш орундарын жаап, ишканаларын башка өлкөлөргө көчүрүшөт. Ал жакта газ жана электр энергиясы алда канча арзан. Биз өзүбүздү өзүбүз кыйратып жатабыз. Азыр Путиндин бизге күлкүсү келип отурса керек", — деди эл өкүлү.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы кымбаттап, инфляция өстү. Бул нерсе негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди. Россиянын президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатып жатканын айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Польша чеңгелин Украинага улам матырып бара жатат